Түрк актрисасы Нургуль Ешильчайдын тагдыры жана чыгармачылыгы

Осмон империясы тууралуу тартылган "Даңазалуу доор" сериалынын уландысы "Кесем Султан" тасмасын кызыгуу менен көрүп жаткан учурубуз. Улап, курап бараткан Осмон империясын дагы бир кылымга титиретип кармаган тарыхый тагдыр.

Осмон империясынын бир бөлүгүнө айланып калган Кесем Султан Грек улутунан болуп он беш жаштарында улуу империянын гаремине келип түшөт. Анын чыныгы ысымы Анастасия болгон. Анын Кесем (Эң сүйүктүү) аттуу ысымын Ахмед Султан ыйгарып, экөө бактылуу, көп балалуу болуп он төрт жыл бирге өмур сүрүшөт. Алардын Мурад жана Ибрагим аттуу уулдары Осмон империясынын султандары болгон.

Осмон империясы үчүн, династия үчүн ак кызмат кылууга жан дили менен киришкен Кесем Султан, кандуу такты үчүн, бийлике болгон зор амбициясы үчүн тактыда отурган өз уулдарын өлтүртүүгө да буйрук берген учурлары болот. Бийлик талашуу үчүн жасалган шумдуктуу интригалар, биринин артынан бири келген өлүмдөр, уулдарынын өлүмдөрү. Кар аралаш бороон чапкын, улуган шамал ар убак Кесем Султандын тагдырына окшошконсуйт.

Акырында Кесем Султандын бир да уулу тирүү калбай бийлик тактысы неберелерине өтөт. Осмон империясынын уланышына чоң салым кошкон Кесем Султан өзү тарбиялап чоңойткон келини Турхан Султандын буйругу менен аянычтуу өлтүрүлөт. Каардуу да, сулуу да, акылдуу да ак сөөк Кесем Султандын образын ийине жеткире аткарып, көпчүлүктүн анын ичинде кыргыздардын, кыздардын сүймөнчүгүнө татыган, таасирленткен актриса Нургуль Ешильчай.

Нургуль Ешильчай Түрктөрдүн өтө белгилүү жана баалуу актрисасы

Актриса тууралуу кыскача маалымат берсек телеканалдарда алгачкы дебюту болуп, актрисанын тушоосу кесилген. Андан соң комедиялуу "Баары жакшы болот" тасмасына алгач ирет тартылган. Бул тасмадан кийин катары менен "Экинчи жаз", "Шаркыратма", "90-60-90" ж.б тасмаларга чакырыла баштайт. 2008-жылдардан кийин Нургуль Ешильчай эң бир таанымал актрисалардын катарына кошулуп, кино сүйүүчүлөрдүн арзуусуна татыйт. "Хурмуз үчүн 7күйөө" комедиясы, "Абийир" психологиялык мелодрамасы ж.б тасмалар Нургүлго ого бетер таанымалдуулукту тартуулайт.

2010-жылы Түрк телевидениясында курч сюжеттүү "Сүйүү жана жаза" аттуу телесериал тартылып, Нургуль Ешильчай менен түрктөрдүн дагы бир белгилүү актеру Мурат Ыйылдырым биргеликте тартылган бул тасманы көптөгөн чет-элдиктер да кызыгуу менен сатып ала башташат. Ошондон тарта Нургуль Ешильчай Түрктөрдүн баалуу актрисасына айланат. Бул жетишкендиктерден кийин актриса тасмаларга тартылууну улантып "Султан", "Кызыл сүйүү", "Түн", "Галип дервиш" ж.б мелдодрамаларга, боэвиктерге тартылып, аялдардын образын мыкты жараткандыгы үчүн толгон токой сыйлыктардын ээси болот.

Актрисанын жалгыздыгы жана арзуусу

Актриса бир интервьюсунда үй-бүлөсү бар өзүнөн улуу адам менен мамиле куруп, анын үй-бүлөсүнүн бузулушуна себепкер болот. Актер Джем Езир Нургуль үчүн өзүнүн мурунку жубайын таштап кетет. Ал адам Нургулдөн 17жаш улуу болот. Алар 2004-жылы баш кошушуп алты жыл бирге өмүр сүрүшөт. Бул жылдар аралыгында Осман аттуу уулдуу болушат. Ымыркай эки суйүшкөн жандын мамилесин түбөлүкө сактап кала албайт. Нуруль Ешильчайдын атактуулугу таш жарып, жетишкен ийгиликтери арбыган сайын күйөөсүнүн кызганычы да күч алып, акыры ажырашып тынышат. Актриса көпкө дейре жалгыз күндөрдү өткөргөн соң, турмушунда жаңы сүйүүсү пайда болот. Ал режиссер Толга Карачелик эле. Экөө бирге тынч романтикалуу кечтерди бирге өткөргөнү менен бирге турмуш курууга ашыгышкан жок. Актриса өзү бул мамилени "Конок нике" деп атап алган. Экөө эки бөлөк үйдө жашашат.

Актриса Нургуль Ешильчайдын дагы бир эл билбеген керемет таланты бар. Ал картиналарды, живопистерди тарткан талантуу сүрөтчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД