
Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз! Лейлек РИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы орто мектептер арасында улуттар биримдигин даңазалаган "Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз" аталышындагы чоң иш-чара болуп өттү.
Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Сумубула айыл аймагындагы Илим, Билим- Нуру, Манас, Сары-Дөбө, Х.Боронбаев, Х.Саттаркулов орто мектептеринин окуучулары катышты.
Иш-чаранын максаты - улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, чыр-чатактарды болтурбоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу. Патриоттуулук, мекенчилдикке жаш муундарды туура тарбиялап, өлкөбүздүн туруктуулугуна кам көрүү, ички тартипти камсыздоодо милиция кызматкерлеринин аткарган иштери чоң экендигин мектеп мугалимдери белгилеп кетти.
Иш-чарада алдыңкы орундарды камсыздаган мектеп окуучуларына Лейлек РИИБдин сыйлыктары тапшырылды.