Ысык-Көлдө браконьердин үйүнөн 2 күрөң аюунун териси табылды

Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясы "Илбирс" коомунун адистери жана "Эңилчек" заставасынын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Ак-Суу РИИБнин КБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 308-беренелери (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында "Сары-Жаз" сырт өрөөнүнүн 1975-жылы туулган Т.Р. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан күрөң аюунун 2 даана териси табылып, далил зат катары алынган.

Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюунун терилери кайдан чыгышын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД