
Алгачкы эмдөө кантип коргойт? Бул суроого COVID-19га каршы республикалык штаб жооп даярдаган:
Вакцинанын биринчи дозасынан кийин иммунитет дароо калыптанбайт, буга алынган вакцинанын тибине жараша кандайдыр бир убакыт кетет. Бул мезгил аралыгында организмдеги антителолордун концентрациясы (демек, иммундук коргонуу даражасы дагы) жай өсөт.
Изилдөөлөрдүн алдын ала маалыматтары боюнча, Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи ийнеси Covid-19дан адам өлүмүнүн учурларын – ошондой эле эмделген адам ооруну жуктуруп алганда бейтапканага түшүү ыктымалдыгын жоет. Салыштырмалуу жеңил белгилери бар коронавирус инфекциясынан коргонуу деңгээли 50% кем эмес деп бааланат. Бирок, кээ бир эксперттер биринчи инъекциядан кийин, жок эле дегенде, үч-төрт жума бою "кеминде 80% - жана балким, 90% ашык" деп эсептешет. Дал ушул сыяктуу натыйжаларды Moderna компаниясынын вакцинасы да көрсөткөн.
AstraZeneca компаниясынын Оксфорд вакцинасынын бир дозасы кеминде үч ай бою Ковид-19 инфекциясынан аз болгондо 70% коргоого кепилдик берет (инфекция жуккан адамда оорунун белгилери билиниши үчүн жетиштүү деңгээлде).
Россиянын "Спутник V" вакцинасы болжол менен ушундай эле коргоону камсыз кылат, анткени эки вакцина тең окшош технология менен өндүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар "Спутник лайт" менен эмдөөнүн эффективдүүлүгүн (б.а. биринчи ийне саюунун) дээрлик 80% деңгээлинде көрсөтөт. Бул изилдөө Россия ВВС кызматынын сайтында жарыяланды.