
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул жолу Жибек-Жолу проспектисинин Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 30га жакын жарнак конструкциялары, көрнөк-жарнактар жана баннерлер алынып салынды.
Ошондой эле Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар бар курулуштардын ээлерине өз ыктыяры менен бузуу тууралуу эскертүүлөр берилди.