
Президент 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча күбө катары суракка чакыртылды.
Жапаров качан суракка кирери азырынча маалымдала элек.
Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон.
Бүгүнкү күнгө карата ошол маалда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан 15 адам сурак берген.