Көчөгө суу каптаткан "Бишкекжашылчарба" ишканасына айып пул салынды

Милициянын кайгуул кызматы "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына 23 000 сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынаны билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга 25–апрелде Шабдан-Баатыр жана Удмуртсий көчө кесилиштериндеги жерде, тагыраагы Шабдан-Баатыр көчөсүнүн ортоңку бөлүгүнө өстүрүлгөн атайын газондук чөптөрдү сугаруу учурунда "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери газондуу чөптөн агып чыккан сууну чоң көчөгө агып чыгып кетүүсүнө жол бергени себеп болгон. Агып чыккан суу чоң көчөнү каптап, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө да тоскоолдук жараткан. Бул боюнча айдоочуларда чара көрүү боюнча кайгуул кызматкерлерине кайрылуу жөнөтүшкөн.

Бул боюнча "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына кайгуул кызматы тарабынан Укук бузуулар кодексинин 178-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынды. Ошондой эле иш канага мындай нерселерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД