Токмокто 3300 долларлык алтын буюмдарды алдап алган деп цыган аял кармалды

Токмок шаардык милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде уурулукка шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын март айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А., кайрылып, алдоо жолу менен жалпы суммасы 3300 АКШ долларын түзгөн алтын буюмдарын ээлеп алган цыган улутундагы белгисиз аялга карата чара көрүү өттүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип И.Р. кармалып, Токмок ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 26-апрелинде Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1999-жылы туулган О.С., арыз менен кайрылып, аймактык оорукананын бөлмөсүндөгү шкафтан 25 000 сом өлөмүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткендигине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1990-жылы туулган Ч.А кармалган. Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга да катыштыгын такоо улантылып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД