
Милициянын көчмө кабылдамасы Лейлектеги чек ара аймактарында иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек район борборунан 85км алыстыкта жайгашкан Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка2, Достук, Жаштык, Борбордук айылдарынын тургундары менен милиция кызматкерлери элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин ысырапкерчиликке бөгөт коюу Жарлыгын бир катар түшүндүрүп өтүштү.
Жолугушуу учурунда ар кандай социалдык маселелер көтөрүлүп, жеринде чечилди.
Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажик Республикасынын Хистеварс айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды тактоо боюнча түшүндүрүүдө.