Таласта милиция окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү

Милиция Жон-Арык айылында окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-апрель күнү Талас РИИБнин начальнигинин орун басары милициянын майору Жанкорозов Равкат, Талас ОИИБнин КККнын начальнигинин орун басары милициянын майору Акматов Нурдин жана РИИБнин балдар менен иштөө инспекторлору Жон-Арык айылынын Нуржанов атындагы орто мектебинин окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушту. Анда милиция кызматкерлери эрте никеге туруунун зыяны, топтошуп мушташуунун кесепеттери, зордук-зомбулук жана мектеп рэкетчилиги аттуу темаларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Учурда балдар арасында кылмыштуулук талкууга алынды. Ата-энелерге балдарга мыкты тарбия берүү, адеп-ахлакты үйрөтүү, билим алууга шарт түзүп берүү алардын милдеттери экендиги айтылды. Андан тышкары балдарды уюлдук телефон колдонуулары текшерилип, социалдык тармактарга кирүүсү көзөмөлгө алынышы керектиги эскертилди. Зордук-зомбулук аракеттерине барбоого жана зомбулукка кабылган учурда кандай чара көрүү керектиги түшүндүрүлүп берилди. Ата-энелер жана оукуучулар ар кандай кызыктырган суроолорду берип жоопторун алышты. Мектеп окуучулары атайын даярдалган дубагезиттерди көрсөтүп, балдарды адеп-ахлакка чакырган тарбиялык ыр саптарын окуп беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД