
КУУда белгилүү окумуштуу, академик Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-апрель күнү Улуттук университетте көрүнүктүү окумуштуу, академик, география илимдеринин доктору, профессор, СССРдин география коомунун ардактуу мүчөсү, атамекендик спорттун ардагери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгына арналган "Борбордук Азиядагы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу көйгөйлөрү" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жана мини-футбол боюнча турнирдин финалдык оюндары болуп өттү. Илимий конференциянын ишин КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин 1987-жылкы бүтүрүүчүсү Сүйүнбек Касмамбетовго сөз берди.
Ал бүгүнкү иш чарага Кайып Оторбаев агайдын студенти катары келгенин; ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине 1977-1981-жылдар аралыгында 5 жолу тапшырып, кулап калганын; даярдоо бөлүмүнө да документтерин албай коюшканын, анан ректорго кирип, анын жардамы менен адегенде даярдоо бөлүмүнө, анан 1-курска өткөнүн айтып, 7 жыл чогуу жүргөн агайына ыраазычылыгын "Атамдан көрбөгөн мээримди Кайып Оторбаевичтен көрдүм" деген сөздөр менен билдирди. - "Мугалим - өтө бийик жана ыйык адам. Анын изин өпсөк да аздык кылат", "Ата-энеси жок бала оңолот, бирок мугалими жок бала оңолбойт", - деп сөзүн аяктады Сүйүнбек Касмамбетов.
- Урматтуу абдан чоң эл аралык конференциянын катышуучулары, Кайып Оторбаевдей адамды эскерүү үчүн чогулганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем, - деп баштады өз сөзүн Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Апас Жумагулов. - Ал кезде Ысык-Көлдүн суусу күндөн-күнгө азайып, аны сактап калуу максатында республикалык комиссия түзүлүп, "Ысык-Көл - Чүй аймактык комплекси" деп аталган проект иштеп чыгылган. Кайып Оторбаев ошол комиссияда иштеп, бардык маалыматты ошол кишиден алчубуз. Анан 7-8 киши Өкмөттүн атынан ЦК КПССке кат жазып, Москвадан 22 киши келди. Алардын башын бириктирип, машина менен Сары-Жазга чейин барып, изилдөө иштерин жүргүзүүдө да Кайып Оторбаевдин эмгеги зор болду. Иши кылып, "Ысык-Көл - Чүй аймактык комплекси" дегенде Кайып Оторбаевдин ысымы биринчи угулчу. Ошол проект ишке ашса, Ысык-Көлдө 25 миң гектар жаңы жер пайда болмок. Бул кишинин адамгерчилиги да укмуш болчу. Анын сыпайылыгы, жоопкерчиликтүүлүгү, "жок" деген сөздү да жылуу-жумшак айтканы, акылдуулугу дайым эсибизде. "Алтын" программасын иштеп чыгууда, энергетика маселелелерин чечүүдө да бул кишинин салымы зор болгон. Асманыбыз ачык болсун, Кайып Оторбаевдин 150 жылдыгын да өткөргөндөй бололу.
Кыргызстандын дагы бир экс-премьер-министри Амангелди Муралиев бүгүнкү конференциянын жыйынтыктары Өкмөткө жардам бериш керек экендигин, анткени илимге таянбаса, ийгилик болбостугун белгилеп, андан ары 1989-жылы Бишкектин мэри болуп турганда Бүткүл союздук конференцияга катышып, ал жерден СССР Министрлер Советинин Председателинин орун басары Леонид Абалкин менен жолугуп, экономиканы ондоо боюнча кайрылса, ал "Силерде Оторбаев бар, ошол киши менен сүйлөш" дегенин айтып берди. - "Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу" деп аталган конференциянын темасы өтө маанилүү. Экономиканы көтөрүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Кайып Оторбаев ушул теманын башында турган. Ийгиликтер болсун, - деп сөзүн жыйынтыктады Амангелди Муралиев.
Илимий конференциянын жүрүшүндө Кайып Оторбаев тууралуу эскерүүлөрү менен о.э. профессор Толобек Камчыбеков, Президенттин кеңешчиси Медет Букуев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин профессору Жыргал Момбекова жана Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Каныбек Иманалиев бөлүштү.
Ректор Канат Садыков Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгын утурлай 2022-жылдын 22-апрелинде болуп өткөн жогорку окуу жайлар аралык студенттик конференцияда өзгөчө айрымаланган студенттерге дипломдорду жана белектерди тапшырды. Алар:
1 даражадагы диплом:
• Кенжебек уулу Нурдоолот - "Ала-Тоо" эл аралык университетинин 4-курс студенти
• Рыспеков Бекболсун - КУУнун экономика факультетинин 4-курс студенти
• Аширов Азатбек - "Ала-Тоо" эл аралык университетинин 4-курс студенти
• Талантбек кызы Бегайым - КУУнун экономика факультетинин 3-курс студенти.
2 даражадагы диплом:
• Усенко Никита - Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын колледжинин окуучусу
• Шайымбетов Бахтияр - КУУнун экономика факультетинин 3-курс студенти
• Осмонкулова Альбина - Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын 2-курс студенти
• Токонов Актан - Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын 3-курс студенти.
Тыныгуудан кийин "Борбордук Азиядагы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу көйгөйлөрү" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын иши секцияларда уланды.
Ушул эле учурда 6-окуу имараты тараптагы футбол аянтчасында Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгына арналган мини-футбол боюнча турнирдин финалдык оюндары да болуп өттү. Жыйынтыгында, "50 жаштан улуулар" тобунда 1-орунду ректор Канат Садыков баштаган КУУнун биринчи командасы, 2-орунду капитаны проректор Туратбек Суранаев болгон КУУнун экинчи командасы, 3-орунду Билим берүү жана илим министрлигинин командасы ээледи, ал эми "35 жаштан улуулар" тобунда 1-орунду И.Арабаев атындагы КМУнун командасы, 2-орунду Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы, 3-орунду КУУнун дагы бир командасы багындырды. Жеңүүүлөргө сыйлыктарды Кайып Оторбаевдин уулу Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, Президенттин кеңешчиси Медет Букуев жана "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков тапшырды.