Контрабанда боюнча издөөдө жүргөн тажик жараны Лейлекте кармалды

Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун аймагында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан "Арсенал" иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД