Wiley басмасынын өкүлдөрү Кыргызстандын ЖОЖдорун кыдырууда

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде Wiley басмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий иштер боюнча проректорлору жана жогорку окуу жайлардын китепканаларынын жетекчилери катышышты.

27-апрелде билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Wiley басмасынын өкүлдөрү Сергей Парамонов менен Айман Ашимханованы кабыл алып, Кыргызстандын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин, илимдеги өнүгүүнүн келечегин талкуулашты.

Wiley басмасынын өкүлдөрү Кыргызстандын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү, Wiley продукциялары тууралуу маалыматтарды жайылтуу, Wiley Online Library платформасын (академиялык жана илимий басылмалар) презентациялоо, Cochrane Library далилдүү медицинанын базасын тааныштыруу, ошондой эле жогорку окуу жайлардын китепканалары менен байланыш түзүү максатында 2022-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин баш калаанын ЖОЖдорун кыдырышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД