Болочоктогу милиционерлер балдар үйүнө бак отургузушту

Кыргыз Республикасынын президентинин "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук "Жашыл мурас" өнөктүгүн утурлай, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын аймагын жашылдандырууга салымын кошуп келишти. Бул тууралуу ИИМ академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин академиясынын курсанттары аталган интернаттын кызматкерлери менен биргеликте жемиш бактардын көчөттөрүн отургузушуп, сугарышты. Андан тышкары, ИИМдин академиясынын атынан балдар үйүнө жуунуучу, дары каражаттары менен памперстер белекке берилди

Балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын администрациясы ИИМдин академиясынын жалпы жамаатына жана курсанттарга ыраазычылыгын билдиришип, ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД