Айдоочулардын эсине! Бүгүн "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылы үчүн жабык болот

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянты бүгүн шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, саат 19:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүк жабылат.

Кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД