Бишкекте айып аянтчасында турган 4 жеңил унаа өрттөнүп кетти

Бишкекте милициянын айып короосунда турган 4 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Ч.Валиханов көчөсүндө Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып төлөнүүчү унаа токтотуучу жайында 4 жеңил унаа күйгөн.

1. "Ауди-80" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

2. "Ниссан Примера" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

3. "Хонда Аккорд" үлгүсүндөгү унаанын мотор отсеги күйгөн.

4. "Мицубиси" үлгүсүндөгү унаанын сол бампер жагы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД