Кантты жеңилдетилген тариф менен кантип ташып келүүгө болот? Жооп

Айыл чарба министрлиги убактылуу жеңилдетилген тариф менен ак шекерди жана чийки шекерди импорттоо үчүн керектелүүчү документтердин тизмесин жарыялады.

Төмөндө керектүү документтердин тизмеси:

- байланыш маалыматтары менен бланктагы арыз;

- уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;

- ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- контракт боюнча төлөнгөнүн же контракт боюнча товардын жүктөп жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;

- документтер өкүлү аркылуу берилген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

- байлагыч (скорошиватель).

"Кошумча маалымат алуу үчүн Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон номерлери: +996312623644, +996997777384, +996999766655", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД