
Айдоочуларга эскертүү! Мындан ары Байтик Баатыр көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Бажы кызматынын тушунан артка бурулууга болбойт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Байтик Баатыр көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан учурда, Баажы кызматынын тушунан кээ бир айдоочулар артка бурулам деп, тар жолдон башка унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жана жол тыгындарын жаратчу.
Бул көрүнүштү эске алып, милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү 4.1.4 жол белисин орнотту.
Мындан ары айдоочулар түштүк тарапка түз чыгып, жол чырактан бурулууга тийиш.