Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 күчөшү ыктымал

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.

Артыкова дүйнөдө дагы бир глобалдык толкун болушу мүмкүн экенин белгилейт.

"Ал июнь айында башталышы ыктымал. Андан да кечирээк башталышы мүмкүн. Дүйнөнүн калкы сунуш кылынган эмдөө деңгээлине жете элек. Талапка ылайык, дүйнөдөгү адамдардын 70 пайыздан ашыгы вакцина алышы керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар жана ар биринин натыйжалуулугу жогору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД