Эмдөө тууралуу: изилдөөнүн жыйынтыктары

Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, респонденттердин 40% эмдөөнүн толук курсун алышса (2022-ж. март), 6% вакцинанын бир дозасын алышкан. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ошол эле учурда 18-29 жаштагы жигиттер ушул жаш курактагы кыз-келиндерге караганда көбүрөөк эмдөөдөн өтүшкөн. Көпчүлүк адамдар үчүн эмдөө алуу чечимин кабыл алууга вакциналардын натыйжалуулугу жана түрү таасир берген.

Калк арасында эмдөө боюнча терс көз караштардын деңгээли азайып баратканы белгиленет. Бирок респонденттердин 19% баштагыдай эле эмдөөгө даяр эмес.

Изилдөөдө эмдөөдөн өтпөгөн адамдар эки категорияга бөлүнгөн: эмделүүгө ниети жогору болгондор жана эмделүү ниети төмөн адамдар. Эмдөөдөн өтүүгө шашылбагандарга салыштырмалуу, эмдөө жасатуу ниети күчтүү адамдар тобокелдиктер жана натыйжалуулук жөнүндө эң көп кабатырланышат. Алардын олуттуу бөлүгү эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу кыйыр таасирлерден да тынчсызданышат.

Эмделбегендер арасын "Спутник" эң ишенимдүү вакцина болуп саналат, бирок көпчүлүк "Джонсон & Джонсон", "Синофарм", "Синовак", "Модерна" жана "АстраЗенека" сыяктуу өндүрүүчүлөргө ишенбейт.

Каалоосу жогору болгон адамдар эмдөө COVID-19дун жайылышын көзөмөлдөөгө жардам берет жана алардын ден соолугу үчүн маанилүү деп эсептешет. Алар ошондой эле пландык иммундоону да колдошот. Ал эми эмдөө алуу ниети эң төмөн адамдар бул пикирге кошулушпайт. Ошол эле учурда эмдөөгө ниети төмөн адамдардын жарымына жакыны алар үчүн вакцинаны алуунун практикалык маселелери маанилүү экенин айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД