
Жумгал милициясы сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери күн жылып агын суулардын көлөмү көбөйүп, табигый жана жасалма көлмөлөр толуп, кооптуу жайлар көбөйгөндүгүнө байланыштуу Жумгал районунун аймагындагы кооптуу болгон аймактарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте агын суулардын жээктерине ЭСКЕРТҮҮ ТАКТАЛАРЫ орнотулду.
Аталган иш-чара облустун баардык райондук ички иштер бөлүмү тарабынан сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын эскертүү такталары жасатылып кооптуу аймактарга коюу иштери жүргүзүлүп жатат.
Андыктан ар бир ата-эне өз балдарына көзөмөлдү күчөтүп, кайдыгер карабай сак болууга чакырабыз.