Нарын районунда милициянын көчмө кабылдамасы калкка кызмат көрсөтүүдө

Нарын районунда милициянын көчмө кабылдамасы калкка кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы менен бөлүмдүн жетекчилиги, өздүк курамы жана бийлик өкүлдөрү менен бирдикте район аймагында жайгашкан айыл аймактарга барып жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.

Жыйында жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин угуу менен Президенттин жарлыктарын кененирээк түшүндүрүп, жыл башында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан элдин жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн атайын чыгарылган айрым Жарлыктардын ар бирине токтолушуп, элди ынтымакка чакыруу менен ар кандай кылмыш кырсыктарды болтурбоо, алдын алуу үчүн ар бир айыл тургуну туура түшүнүү менен жапа тырмак биргелешип иш алып барсак деген ой пикирлер талкууга алынды.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарда өз ишин улантып, Нарын РИИБнин кызматкерлери жеринде элге сервистик тейлөө көрсөтүп,калктын көйгөйүн талкуулап арыз даттанууларын кабыл алынып, профилактикалык түшүндүрүү иштери уланууда


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД