Бишкекте окуучулар арасында "Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагы өттү

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында "Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагынын финалисттеринин кароо сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынактын кароосуна ар бир мектептен 15 жашка чейинки окуучулар тартылып, төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:

1) "Саптык даярдык "

2) "Жол кыймылынын жаш контролеру"

3) "келечектеги айдоочу"

4) "жол белгилеринин өлкөсү"

5) "жол эрежелери боюнча эксперттер"

6) "ЖКЖИ отряддарынын агитациялык коллективдеринин сүйлөгөн сөзү".

7) "ЖКЖИнин отряддарынын дубал газеталарынын конкурсу".

"ЖКЖИ" кароо-сынагынын максаты - балдардын жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иштерди жакшыртууга багытталды,

1-орунду №-73 орто мектеби ээледи

2-орунду №-84 орто мектеби ээледи

№-67 мектеп-гимназиясы 3-орунга ээ болду.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан 7 номинацияларга ээ болгон командалар Ардак грамота, Мактоо баракчалары жана Кубок-Статуэткалар менен сыйланышты.

1-Мыкты командир

2-Жол эрежесин билгич

3-Эң мыкты дубал гезит

4- Мыкты жол кыймылын көзөмөлдөөчү

5-Тажрыйбалуу айдоочу

6- Жол белгилерин билгич

7-Эң мыкты актер

Балдар абдан кызыгуу менен активдүүлүгүн көрсөтүп, жол эрежеси боюнча эң мыкты билимдерин көрсөтө алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД