Айт намазга байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрү жабылат

Айт намазга байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда окулуучу Айт намазына байланыштуу ага даярдануу жана өткөрүү үчүн айрым көчөлөрдүн тилкелери таңкы саат 04:00 дөн тартып, 08:00гө чейин К. Тыныстанов, кең Чүй, М. Фрунзе, жана Логвиненко көчөлөрүнүн картадагы кызыл менен белгиленген бөлүктөрү жабылат.

Андыктан авто унааларды белгиленген көчөлөргө токтотпоону суранабыз. Биз тараптан жолдорду тазалоо иштери таңкы саат 4:00 дөн тартып башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД