Лейлекте жол кире акыларын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Лейлекте жол кире акыларын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери биргеликте такси парктарга, автобекеттерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айт, арапа майрамдарга карата транспорт каттамдар жанданып, жеке такси кызматтар күнү-түнү иштеп жүргүнчүлөрдү ташууда. Исфана Бишкек жеке маршруттук каттамдардын коопсуздугун текшерүү менен биргеликте айдоочулар жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Лейлек район аймагында жеке такси кызматтарында жана коомдук транспорттук каттамдарда жол кире баасы туруктуу кармалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД