
Бүгүн 1-майда Альянс Алтын компаниясы каржылап берген 35 марал Талас облусуна келди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын Алтай Республикасынан алынган маралдарды Талас облусунун губернатору Бактыбек Нарбеков өзү кабыл алды. Буга чейин такыр калбай калынганы айтылган маралдар Талас районундагы Беш-Таш коругуна кое берилди.
Талас жергесине маралдарды багуу боюнча илимдер академиясы тарабынан атайын аныкталган корутунду чыгарылган.
"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык быйыл облуста комплекстүү иштер журүүдө. Тоонун экосистемасын сактоо, Манастын үчилтиги жана жашыл мурас боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу экология кызматкерлери менен биргеликте иштелип чыкты. 20 кундөн кийин жарандар келип көрсөболот", - дейт Бактыбек Нарбеков.
Белгилей кетсек, маралдарды алып келүү үчүн Бакубат Талас фонду жана Альянс Алтын ЖЧКнан 2,5 миллион сом бөлүнгөн.