Айт алдында көтөрүлгөн жол киренин баасы кайра калыбына келтирилди

Таксилердин өз алдынча көтөрүп алышкан баалары түшүрүлдү. Кайгуул кызматы иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртеңки Айт майрамына байланыштуу алыска аймактарга каттаган маршурттук унаалар жана жеңил жеке менчик таксилер өз алдынча баасын көтөрүп алышкан. Айрыкча автобекеттеги Бишкек-Талас, Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Нарын боюнча каттаган маршурттук таксилердин Айт алдында койгон баалары жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын күчөткөн.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү "Ак-жол" автобекетинин директору менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салды.

Азыркы учурда баалар түшүп, кырдаал туруктуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД