8,5 тонна сүттү сууга төккөн айдоочу ким экендиги аныкталды

Социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сууга сүт куюлуп жаткан видео тараган. Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда сүт ташыган айдоочунун өздүгү такталган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Сокулук районунун тургуну 30 жаштагы Г.Г. болуп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде чогултуп, суттун составы белгиленген тийиштуу талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес, ошого байланыштуу 2022-жылдын 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болду.

Бул факты Сокулук РИИБнин ЖИИБге катталып, мындан ары тыкыр текшерүүлөр уланып, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД