Кадамжайда 11-класстын окуучусу асынып алды

Кадамжайда мектеп окуучусу өзүн өзү асып алган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Марказ айылынын 16жаштагы тургуну 2022-жылдын 2-май күнү саат 17.40 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда өзүн өзү асып каза болгондугу боюнча Кадамжай РИИБне маалымат келип түшөт.

Аталган жерге Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып төмөнкүлөрдү аныктайт. Ушул эле аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, өзүнүн мал сарайына кирип, өзүнү өзү асып каза болуп калган.

Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Каза болгон мектеп окуучусу А.Бнын атасы Ош шаарында дарыланып жаткан, ал эми апасы Россия Федерациясында миграцияда экендиги маалым болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД