Бишкекте кайгуул милициясы бир ай бою рейд өткөрөт

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында күчөтүлгөн тартипке өтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда башкармалыктан орун басары Джумагулов Айбек Рыскулович тарабынан рота саркерлерине жана бөлүм башчыларына жалпы ИИМдин талаптарын жана буйруктарын жеткирүү жана май айынын 1-10 чейин, жалпы жарандар үчүн дем алыш күндөр болгондуктан, дем алыш күндөрү жарандардын коопсуздугун коргоо, жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чараларды күчөтүү боюнча иш-мерчемдердеги талаптарды тийиштүү деңгээлде аткарууну көзөмөлгө алуу тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле орозо айынын бүтүшү жана май айынын майрамдык эс алуу күндөрүнүн башталышына карата коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыздоо багытында май ыйынын 31не чейин рейддик иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар койулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД