
Кыргызстандын "Журналисттер" коомдук бирикмеси дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата билдирүү таратты.
Билдирүү толугу менен төмөндө:
"Бүгүн, 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым күчөгөндөн улам Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын өкүнүч менен белгилейбиз.
2022-жылдын башынан бери эле Temirov.Live, Kaktus.Media жана Next TV телеканалынын редакцияларына кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч кылмыш иши козголду. 2022-жылдын 22-январында милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист жана Temirov.Live порталынын негиздөөчүсү Болот Темировду кармашкан. Күч кызматкерлери редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникалык жабдууларды алып кетишкен. Журналистке КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын апрель айында укук коргоо органдары журналистке КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") жана 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айып коюп, дагы эки кылмыш ишин козгоду. Эки учурда тең Болот Темировго каршы иш Кыргызстандын жогорку кызматтагы аткаминеринин аты аталган коррупцияга каршы чуулгандуу материалдар жарыялангандан кийин ачылган.
2022-жылдын 31-январында чек арадагы кезектеги жаңжал учурунда Kaktus.Media сайтынын редакциясы тажик басылмасына чыккан жаңылыкты көчүрүп жарыялаган факты боюнча прокуратура КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси ("Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш ишин козгогон. Редакциянын аракетинде кылмыштын белгилери болуп-болбогонун тергөө максатында сотко чейинки өндүрүш башталган.
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камакка алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнүн кезектеги фактысы болду. Ал 2022-жылдын 3-мартында "алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу менен жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле Интернет тармактарын пайдаланып, кастыкты козуткан" деген шек менен кармалган. Бирок ушул күнгө чейин бул иш боюнча Таалай Дүйшөнбиевден башка шектүүлөр аныктала элек, бул иш жүзүндө кылмыштын курамы болбогонунан кабар берет. Т.Дүйшөнбиев 3-июнга чейин камакта калды. Ошол эле учурда КР Башкы прокуратурасы сот аркылуу Next TV телеканалынын ишин токтотууну жана анын продукциясын жайылтууга тыюу салууну талап кылып келүүдө.
Ушул процесстердин баары жана ЖМКга козголгон иштер эркин медиага эбегейсиз зор басым болуп жатканынын далили. Бизди, медиа уюмдарынын өкүлдөрүн, журналисттерге жана ЖМКга козголуп жаткан иштер менен катар, Интернетте журналисттерге онлайн чабуул уюштурулуп, аларды каралоо, коркутуу аракеттери болуп жатканы да тынчсыздандырууда. Журналисттер жана редакциялар социалдык тармактардагы жеке аккаунттарын, почталарын жана мессенджерлерин бузуп кирүү аракети болуп жатканын көбүрөөк кабарлай башташты. Мындан тышкары, айрым көз карандысыз редакцияларды жабуу талаптары да көбөйдү.
Тилекке каршы, жогорку кызматтагылар жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалган чабуулдарды айыптагандын ордуна, эл алдында сүйлөгөн сөзүндө аларды эч жүйөсүз айыптап, коомчулуктун алдында журналисттердин ишине көө жабышууда. Жалпы кысымга карабастан, эркин медиа каражаттарынын журналисттери жарандардын маалыматка жетүү укугун камсыздоо максатында өз милдеттерин аткарып жатышат. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды, учурдагы курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чагылдырып, бийликтеги коррупциянын бетин ачып, жарандардын укуктарын коргоп, мыйзамдуулук жана демократия үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүп келүүдө.
Дагы бир маанилүү жагдай сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдардын начарлашына байланыштуу.
Февраль айында Министрлер Кабинети "Анык эмес (жалган) маалымат жөнүндө" Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу максатында "Интернет тармагындагы анык эмес (жалган) маалыматка даттануу жөнүндө" жобону иштеп чыккан. Бул жобо соттун чечимисиз эле Интернеттеги маалыматка бөгөт коюуга жол берет".