Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү

Кечээ, 3-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД