Өлкөдө бир суткада 18 жол кырсыгы катталып, 29 адам жаракат алды

Кыргызстанда бир суткада 18 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 4-майына карата республика боюнча сутка ичинде 18 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 29 адам денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракат алды.

Катталган жол кырсыктарынын жалпы санынын ичинен 10 учур оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, бул 56% түзөт, алардын ичинен 15 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат:

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Биринчиден, жол этикасын сактоону, жол кыймылынын башка катышуучуларына сылык мамиле кылууну үйрөнүү керек. Ошол эле учурда жолдордогу агрессияны жана жол берүүнү азайтуу. Ал эми айдоочу болобу, жөө жүрүүчү болобу, жүргүнчү болобу, ар ким өзүнөн, өзүнүн жеке жоопкерчилигинен башташы керек. Сиздин жеке көзөмөлүңүз же этиятсыздыгыңыз каалаган секундада адамдык трагедияга айланышы мүмкүн экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!

Ар бириңиздердин колуңуздарда, урматтуу жол кыймылынын катышуучулары, сиздин жаныңызда жолдо келе жаткан, жакынкы унаада бара жаткан, сиз такыр тааныбаган адамдын жашоосу, бирок анын коопсуздугу сизден көз каранды. Эсиңизде болсун!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД