
Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Айтикул уулунун билдиргенине караганда, жарандардын көпчүлүгү нөөмөт бөлүмүнө же социалдык баракча аркылуу кайгуул кызматы майрам күндөрү иштеп жатабы, анткени авто унаабызды стоянкадан чыгарышыбыз керек, айып пулдарды төлөшүбүз керек деген өңдүү жана башка суроо талаптар менен кайрылууда.
Ошого байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы жалпы айдоочуларга маалымат иретинде айтып жеткирип коюуну туура көргөн. Азыркы учурда кайгуул кызматы майрам күндөрүндө да, жөнөкөй дем алыш күндөрү да күнүмдүк графикте иш алып барууда. Андыктан айдоочулардын талаптары, жазган кайрылуу жана арыздары, авто унааны убактылуу токтотуучу короо жайдан чыгаруу жоболору, жана башка баардык кызматтар кадимкидей иш алып барууда.