
Лейлек районунун милиция кызматкерлери базарларда эл менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары Лейлек РИИБнин көчмө кабылдама унаасы менен Лейлек районунун И. Разаков шаарындагы мал базарын жана жайма базарларды кыдырып элдерди кабыл алып, кылмыштуулукту болтурбоо, мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Ошондой эле И.Разаков шаарында ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын Лейлек РИИБнин милиция участкалык уполномоченныйлары көчмө кабылдама менен мал базарда жана жайма базарды кыдырып, элге жеткиликтүү маалыматтарды беришүүдө.
Бул ирет Раззаков шаарынын базарына келген элдер менен жолугуп, Жарлыкты жеткирип, ашыкча ысырапкерчилик элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учураткан жагдайлар боюнча кенен түшүндүрүп беришти.