Манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетти

Бишкектеги "Манас айылынын" башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Аны манасчы өзү "Азаттыкка" ырастаган.

Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле "кысым болду" деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган жок.

Буга чейин манасчы өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД