Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды

24-майга чейин Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрөт, анда жылуулук тармагын тартуу иштери жүрүп жатат.

Автоунаалар үчүн альтернативалуу жол катары Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД