Чөп чыккан асфальт. УКМК текшере баштады

Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу УКМК билдирүү таратты.

Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында аткаруучу компания тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.

"УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД