Кыргызстанда акыркы суткада 30 жол кырсыгы катталып, 43 адам жаракат алды

Жалпы өлкө боюнча акыркы суткада 30 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 43 адам ар кандай оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын жалпы санынын 17 учуру оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, бул сутка ичинде катталган кырсыктын 56 пайызын түзөт, анын кесепетинен 25 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат:

Урматтуу жол кыймылынын катышуучулары, коопсуздук ар бириңиздердин колуңуздарда, унаанын ичинде сиздин жаныңызда келе жаткан, жакынкы унаада бара жаткан, сиз тааныбаган адамдын коопсуздугу сизден көз каранды экенин эстен чыгарбаңыз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД