Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толуп, унаа жолу жабылган.

5-май күнү жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылган. Бүгүн да тазалоо иштерин улантууга №956 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Маалыматта белгиленгендей, кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД