
Бүгүн, 6-майда, болжол менен 13:50лөр чамасында Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө BMW жана Toyota унаалары кагышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, BMW унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып Toyota унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынан 5 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Эки унаа тең айып жайга киргизилип, окуянын себептери иликтенүүдө.
Кошумча маалымат берилмекчи.