МАИ кызматы майдын аягына чейин рейддик иш-чараларды жүргүзөт

2022-жылдын 30-апрелинен 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында фильтрациялык посттор коюлуп, рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

2022-жылдын 3-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Ак-Кеме фильтрациялык постунан Балыкчы шаарына багыт алып бараткан күмүш түстөгү Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшерүү учурунда унаадагы тагылган мамлекеттик номер башка унаага таандык экендигин аныкталган. Автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, 15 мин айып салынды. Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү автоунаага тагылган мамлекеттик номер Чүй облусунун Суу чарбасына таандык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД