Кайтаруу департаментинин жоокерлери селден жабыркагандарга жардам беришүүдө

Жазаларды аткаруу кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери Сузак районундагы селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-өзүнчө батальонунун өздүк курамы 3-4- май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сел жүрүп кеткен айылдарга барып, жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүп жатышат.

Сел жүрүү көпчүлүк аймактарда катталгандыктан, өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте 5-өзүнчө батальондун жоокерлери биринчилерден болуп жардамга келишкен, алгач кооптуу болуп турган үйлөрдө жашаган жарандарды башка коопсуз жайларга көчүрүшкөнгө көмөктөштү.

"Азыркы учурда биздин аскер кызматчылар Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында турак үйлөрдүн ичин ылайдан тазалап, жардам беришүүдө. Эки күндөн бери, 5-6-май күндөрү жалпысынан 50 аскер кызматчысы иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД