The Guardian Твиттерде талашып тартышкан кызматкерлерине чара көрөт

Улуу Британиянын The Guardian басылмасынын жетекчилиги кызматкерлеринин коомдук тармактарда өзүлөрүн алып жүрүүсү боюнча жаңы эрежелерди киргизди. Мындан ары Твиттерде бири бири менен талашып тартышкан кызматкерлерине чаралар көрүлмөкчү.

"Коомдук тармактардагы жеке жазуулар жеке адамга таандык, биз аларга ээлик кыла албайбыз. Бирок эсиңерде болсун, эгер силер GNMде иштесеңер, силердин бардык жазганыңар, лайк койгонуңар же бирөөнө шилтеме кылганыңар - кайсы гана коомдук тармакта болбосун - аларды бардыгы көрө алышат жана протоколго киргизе алышат, алар жеке силердин пикириңерди чагылдырган күндө да аларды GNMдын расмий көз карашы катары кабылданышы мүмкүн. Силердин кандай гана кызматта болбосун GNMда иштегениңер коомдук тармактарда өзүңөрдү алып жүрүшүңөргө чоң жоопкерчилик артат", - деп айтылат бул документте.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД