COVID-19 жуктургандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 17 пайызга азайган

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жумалык маалыматында бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, дүйнө жүзү боюнча инфекцияны жугузгандардын саны өткөн жумага (18-апрелден 24-апрелге чейин) салыштырмалуу 17%га, каза болгондордун саны 3% азайган. Ошого карабастан, коронавирустун омикрон-штаммынын ар кандай түрлөрү аныкталган өлкөлөрдүн саны өсүүдө.

Уюмдун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынан "ашыкча" адам өлүмү болжол менен 14,9 миллион адамды түздү. Башкача айтканда, бул оору менен түз же кыйыр байланышта каза болгондордун саны 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин жетет. Маалыматтар 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн берилген. Эксперттердин айтымында, 2020-2021-жылдары өлүмдөр аялдарга (43%) караганда эркектер арасында (57%) көп болгон.

ДССУнун маалыматы: "ашыкча өлүм" - 2020-2021-жылдары каза болгон адамдардын саны менен "мурунку жылдардагы маалыматтарга таянып, пандемия жок болгондо күтүүгө мүмкүн болгон" адам өлүмүнүн санынын ортосундагы айырма.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД