Кыргызстанда талапка жооп бербеген 13 автомектеп жабылды

Лицензиянын талаптарына жооп бербеген 13 автомектеп жабылды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 4-апрелинен 27-апрелине чейин, Кыргыз Республикасынын президентинин "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери тарабынан, айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча 118 автомектептин ишмердүүлүгү текшерилип, анын ичинен 109 автомектепке, аныкталган кемчиликтерин жоюу боюнча эскертмелер берилди.

Белгилей кетсек, республика боюнча 272 автомектепке лицензия берилген.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-берененин 1-бөлүгү менен 13 айып протоколу, ушул эле берененин 2-бөлүгү менен 22 айып протоколу толтурулуп, жалпысы 673 миң сом айып салынды. Ошондой эле, лицензиянын талаптарына жооп бербеген 13 автомектеп жабылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД