
Майрам күндөрү да ковидге каршы эмдөөдөн өтсө болот. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы кызматкерлер нөөмөт менен иштеп жатат.
Вакцина алуу үчүн http://vc.emed.gov.kg аркылуу онлайн да жазылса болот.
Жумуш эмес күндөрү 14:00гө чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан эмдөөдөн өтсө болот.
Жумуш күндөрү 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт.