
Сузак районунун Барпы, Атабеков жана Сузак айыл аймагынын Арал айылындагы селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акысыз ун жана өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Дан-Юг" ЖЧК тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүү максатында миң мүшөк ун жана 3 миң литр май бөлүнүп, КР ӨКМнин техникалары менен Барпы айыл өкмөтүнө жеткирилди.
Алдыдагы күндөрү жардам селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.