Нарын милициясы окуучуларга экскурсия уюштуруп берди

Нарын РИИБи окуучуларга жазгы экскурсия уюштуруп берди. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-май күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын районунун аймагында жайгашкан Алыш орто мектебинин 8-9-10-11-классынын окуучуларына май айындагы жазгы эс алуу каникул убагында ар кандай мыйзамга каршы көрүнүштөрдү алдын алуу максатында окуучуларга экскурсия уюштуруп беришти.

Экскурсия Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу Таш-Рабат, Кошой-Коргон тарыхый этнографиялык баалуулуктарды жана музейди көрсөтүү менен окуучуларга эс алуу учурунда жакшы маанай тартуулашты.

Нарын районунун аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка, ар кандай укук бузуучулукка жол бербөө максатында бир катар иштер аткарылып жатат жана дагы да иш-чаралар уюштурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД