Унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандарга карата чара күчөтүлдү

Бүгүн, 7-майдан тарта унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуунун (тонировка) айып пулу жеке жактар 22 000 сомду, юридикалык жактар үчүн 40 000 сомду түзөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары жаңы өзгөртүүгө ылайык, авто унаасынын терезелерин атайын мыйзамсыз күңүрттөп, караңгылатып алган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлдү.

Ага ылайык, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулар Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, авто унааны убактылуу айып короо жайына токтотуу менен жеке жактар 22 000 сом ал эми юридикалык жактар 40 000сом айып төлөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД